Салыкты декларациялоо эмне максат менен киргизилген

Адегенде маселенин тарыхы тууралуу бир аз сөз кылсак. Көпчүлүгү салык Декларациясы - бул болгону кирешеге болгон салык бо­юнча отчет дел эсептешет. Биздин өлкөдө 1996-жылдан тартып, 17 жыл ичинде, анын бардык кыскача салык тарыхынын аралыгында мына ушундайча болгон. Салык Деклара­циясын киреше алгандар гана тапшырышкан- булар ишкердик ишмердиктен киреше алган ишкер, жана бул ишмердик кандай түрдө - уюм же жеке түрүндө жүргүзүлгөнү маанилүү болгон эмес. Ошондой эле мамлекеттик кызматкерлер дагы кирешелери жана мүлктөрү тууралуу Декларация тапшырышкан. Салык төлөөчүлөрдүн бул категориялары үчүн дэ­эрлик эч нерсе өзгөрүлгөн жок, алар Де­кларацияны тапшырууну уланта беришет.

Ошондуктан бул документте биринчи жолу тапшырууга тийиш болгон жеке жактардын Декларациясы тууралуу, ошондой эле анын ишкердигинин алкагынан сырткаркы эконо­микалык ишмердигине таандык бөлүгүнө болгон жеке ишкердин салык Декларациясы жөнүндө сөз болот. Жеке жактардын бул категорияларын декларанттардын чөйрөсүнө тартуу ушул жылда декларациялоо боюн­ча кампанияны жалпыга таандык кылат. Өлкөдөгү декларациялоого тартылган калктын көлөмү дээрлик катталган калктын санына барабар болуп жатат.

2009-жылдын 1-январында ишке кирген жаңы Салык кодекси салыкты башкаруунун аракеттеги куралдарына жалпы декларациялоонун жаңы механизмин кошумчалады, ал жаңы келген 2016-жылдан тартып иштей баштайт.

Формалдуу көз караш менен алганда салык Декларациясын тапшыруу төмөнкүдөй негизги максаттарды көздөйт:

  1. жеке жактардан кирешеге жараша алынуучу салыгынын эсептелишин жана төлөнүшүн;
  2. жеке жактардын экономикалык ишмердиги тууралуу финансылык жана белек маалыматтардын берилишин;
  3. жеке жактардын киреше булактарынын тастыкталышын.

Бирок, бул катардагы жарандын кирешелеринен салык алуу көз карашы менен ал­ганда бюджеттин конкреттүү кызыкчылыгы үчүн өзүнөн өзү жана өз алдынча анчейин маанилүү болбогон формалдуу маселелер гана. Андан дагы катардагы жарандын өзү үчүн салык Декларациясын тапшы­руу көп учурда салыктардын кошумча төлөнүшүнө эмес, тескерисинче, салык милдеттенмелеринин төмөндөшүнө алып келет.Бул, эреже катары, орточо статистикалуу жаран кимдир-бирөөгө иштеп, ал болсо жыл ичинде кирешеге алынуучу салыктын ага тийиштүү болгон суммасын төлө тургандыгынан келип чыгат. Ал эми салык Деклараци­ясын тапшырууда ага салыкка алына турган суммадан кошумча чегерүүлөр көрсөтүлет. Ал жөнүндө төмөндө толук баяндалат.

Эгер Декларант жеке ишкер болуп саналса, анда өзүнүн ишкердик ишмердиги боюнча Декларация тапшыруу учурунда ал бардык салыктарды төлөйт жана бул жөнүндө маалымат тике же кыйыр түрүндө жыл ичинде ал берген белек отчеттуулукта көрсөтүлөт.

Ошондой эле, эреже катары, чоң фискалдык кызыкчылыкты туудурбайт жана катар­дагы жарандын экономикалык ишмердиги жөнүндөгү маалымат: жаран тарабынан Декларацияда көрсөтүлгөн кирешелери менен чыгашаларын тастыктаган документ жок болгон учурда, аларга өзүнүн жеке баалоосу менен көрсөтүлөт; жеке же үй-бүлөлүк пайдалануу максаттарында мүлккө ээ болуу же кирешелерди алуу менен байланышкан жеке жактардын экономикалык ишмердигинен түшкөн кирешелердин көпчүлүгү салык салынуудан бошойт (жеке жактын салыгы альнбай турган кирешелеринин тизмеси эми эле 40ка жакындап калды). Ал эми салык алына тур­ган кирешелердин көпчүлүк бөлүгүнөн жумуш берүүчү кирешеге алына турган салыкты төлөп койгон. Андан сырткары, салык апына турган мүлктүн обьектилери жана жер тилкелери боюнча маалыматтар жыл ичинде салык кызматына берилген жана салыктар теленген.

БИРОК! Декларация тапшыруу жал­пы мүнөзгө ээ болгондо, мамлекеттин өкүлүнүн динамикадагы ар кандай Декларациялардын маалыматтарын салыштырууга мүмкүндүгү болот. Мына ушул жер­де мурун салык алынуудан жашырылган же чоң аталарына, жээндерине же аталары же энелери, бир тууган эжелерине жазылган мыйзамсыз чоң кирешелер менен активдердин алынышы менен байланышкан туура келбөөчүлүктөр даана көрүнүп калат.

2005-жылы жетишерлик «катуу» киргизилген мамлекет кызматкерлеринин Декларация тапшыруусу коррупциялык жана башка мый­замсыз кирешелерди ачып көрсөтүү жана күнөөлүүлөргө карата тиешелүү укуктук натыйжаларды колдонуу көз карашы менен алганда эмне үчүн натыйжа бербей жаткандыгын сиз эч качан ойлонгон жоксузбу? Бул Декларация киргизилип жатканда дал ушундай максат коюлган. Биз күбө болгон жалгыз нерсе, бул акыркы жылдын ичинде айрым категориядагы адамдар: депутаттар, соттор, ар кандай ведомстволордун мамлекеттик кызматкерлери боюнча маалыматтардын бетин ачуу болду. Бул деле жаман иш эмес. Ошону менен бирге айрым мамлекет кызмат­керлери - декларанттар ондогон жана ал тургай жүздөгөн миллиондогон сом өлчөмүндөгү олуттуу активдерин өтө төмөндөтүлгөн баада көрсөтүшөт. Кандай даражадагы мамлекет кызматкери болбосун, анын маянасына мындай активге ээ болуу кыйынга турары толук түшүнүктүү, эгер, албетте совет өкмөтүнүн мезгилинен биз бардыгыбыз бирдей «бай», б.а. жарды болуп чыкканыбызды эске алуу керек, Катардагы жаранда чоң активдерге ээ болгон мамлекет кызматкерлерине эмне үчүн эч ким кызыкдар болбойт, ал эми мын- дай байлык, чындыгында кайдан келди деген суроо жаралат. Ал төмөнкүдөй тыянакка ке­лет: сураганга тийиш болгондордун бөлүгү - сурагандан коркушат, ал эми дагы бир бөлүгү каалашпайт, анткени аларды дагы да болсо сурашат деп коркушат. Бирок, чындыгында бул такай эле мындай эмес.

Мамлекеттик кызматкерлердин Декларациясынын иштебеген себеби өтө жөнөкөй: биринчиден, конкреттүү түрдө сураганга эч кимдин ыйгарым укугу жок, экинчиден сураганга бо­лот, ал эми жоопту эч ким берүүгө милдеттүү эмес - буга негиз жана мыйзамдуу процедуралар жок. А эгер жооп берилген болсо дагы, практика жүзүндө кимдир - бирөөлөрдүн талаптарын четке каккан жөнөкөй жооптордун бир нече схемасы бар: туугандары жана достору юбилейине карата акча чогултушуп, үй белек кылышкан, же фермер таякесинен жана анын патент төлөп турган уулдарынан акча карыз алып, бир канча миллион сомго "джип" сатып алат жана ынандыруу үчүн тил кат көрсөтүп койсо болот. Өтө жөнөкөй жана оңой. Ошондуктан, теориялык жактан сурай ала тургандар, ал тургай каалашса деле, муну жасашпайт жана эч качан антишпейт, анткени алар баары бир натыйжасыз экенин түшүнүшөт. Ошондой эле үйүн өзүнө эмес, пенсионер чоң атасына же студент жээнине каттатып коюуга болот, анда такыр эле суроо болбойт, антке­ни бул үйүнүн, же автоунаасынын, же цехинин бар экендигин эч ким билбейт, алар декларантта дегеле болгон эместей болот.

Декларацияны өлкөнүн бардык экономика­лык активдүү жарандары тапшырышканда, активдердин кыймылынын негизги агымдарын убакыт боюнча көзөмөлдөөгө мүмкүн болот - мына ошондо мындай үйлөр жана “джиптер” кадимки эле кез менен караганда көрүнүп турат жана алардын пайда болушу үчүн мыйзамдуу булактар жок экендиги түшүнүктүү болот. Пенсионер чоң атасы дагы, студент жээни дагы эми бөлөк бирөөнүн менчигин өзүнө каттатууну жана ал үчүн жоопкерчиликте болууну көп жолу ойлонушат, ал эми жооп берүүгө туура келет, анткени алар­дын киреше булактары мындай менчикке ээ болууга такыр эле коошпойт. Ушуну мененбирге салык мыйзамы салык кызматынын кызматкерин ээсинен гана эмес, процесстин катышуучуларынын бардыгынан бардык за­рыл нерселерди сурап билүүгө, аларга жооп алууга, жана зарылдык келип чыкса тийиштүү чараларды көрүүгө мүмкүндүк берет жана милдеттендирет.

Маселенин экинчи жагы да бар. Эмгек келишимин түзбөй иштеген жаран алынган кирешесин (жашоо — тиричилигинин булагын) документ менен тастыктай албайт, ошол мезгилди пенсиялык стажына кошо албайт. Чындыгында мындай учурда жумуш берүүчү салыктан четтейт, ал эми жумушчу социалдык кепилдиктен ажырайт.

Мына ушул жерде мамлекетте суроо жаралат, мындай жаран кайсы каражатка жашап, балдарын окутуп жана мүлк сатып алып жатат. Бул жерде эми жабыр тартуучу эки тарап бар: социалдык кепилдиктерден ажыраган жана өзүнүнкирешесинин булагын тастык­тай албаган жаран жана салык албаган мамлекет. Мындай жаранга салык кызматынын ишеним телефонуна чалып, адамдар жеке ишкерде эмгек келишими жок иштеп жатышкандыгын билдирип коюусу жетиштүү болот. Эми анын кызыкчылыгы корголот.

Ишкер же жумушчу ишмердигин каттатпай жана салыктарды төлөбөй жүргүзсө бул сыяктуу көрүнүш болот: кызматтарды көрсөтөт, иштерди жүргүзөт, товар сатат, бирок салык­тарды төлөбөйт. Бул учурда жабырлануучу да, күнөөлүү да - бир эле адам.

Маалыматтардын топтолушуна жараша салык алынуудан жашырылган кыйла өлчөмдөгү кирешелер да билинет.

Мунун өзүжалпы декларациялоонун өтө зарыл маселеси жана чыныгы максаты, ал терең мааниге ээ жана акырындык мененактивдердин кыймылынын ачыктыгын жогорулатууну жана коомдун тазалануусун түшүндүрөт.

Ошентип, жалпы декларациялоо - бул коррупциялык көрүнүштөрдү жанамыйзамсыз укук мамилелерин ачып көрсөтүүнүн жана эскертүүнүн өтө кубаттуу жана такай аракеттеги мамлекеттик куралы. Ушул куралдын үзүрдүүлүгү биринчи жылдары анчейин болуп, маалыматтардын топтолушуна жараша улам-улам жогорулай берет. Кандай актив болбосун өзүнөн өзү пайда болбойт жана жоголбойт, ал формасын гана өзгөртүшү мүмкүн, мисалы, акча болчу - машина болду, эгер бир декларантта актив пайда болсо, демек, башкасында бул актив чыгып кетти.

Салык маданияты өнүккөн өлкөлөрдө са­лык Декларациясы болжол менен ушул сыяктуу иштейт. Дал ошондуктан бул өлкөлөрдүн жарандары өздөрүнүн салык милдеттенмелеринин туура аткарылышына ушунчалык так мамиле кылышат жана салыктардын төлөнүшүн өздөрүнүн негизги жарандык милдети катары эсептешет жана алар салыктар­ды өз убагына жана толугу менен төлөп жатышкандыктарына сыймыктанышат. Бул да туура. Ошону менен бирге эле алар салыктарды өз убагында жана толугу менен төлөп жатышкандыктарына сыймыктанышат.

Мамлекет салыктардын эсебинен жа­шап жаткандыгын эстен чыгарбоо керек. Жана анын бардык жарандары бирдей са­лык төлөшсө, ал эми байлары жана иштери кыйла жүрүшкөндөрү - бир аз кебүрөөк төлөшсө, мамлекет акырындык менен байый баштайт жана өзүнүн социалдык, кепилдик жана башка функцияларын мыкты аткарууга мүмкүңдүгү болот. Сапаттуу аткаруу маселе­си - бул эми башка маселе. Бирок бардыгы өз ара байланышта болуу менен жана кыймыл менен өнүгөт. Милдеттерди аткарбай туруп, өзүнүн укуктарынын ишке ашырылышын күтүүгө жана талап кылууга болбойт.

Мамлекет сырткы таасирлерге көз каранды болбостон, өзүнүнресурстарынын эсебинен негизги социалдык жана саясий маселелерди чечүүгө мүмкүндүгү болгондо гана «бай» боло алат. Анык көз карандысыздык - бул биринчи кезекте, экономикалык көз каран­дысыздык.

Көптөгөн логикалык аргументтер практикалык мисалдарда мыкты түшүндүрүлөт. Салык Декларациясы жана анда чагылдырылган киреше булактарды кандай күчтүү курал болуп кызмат кыларын түшүнүү үчүн, БЧБнын (Борбордук чалгындоо башкармасы) контрчалгындын мурунку агенти Олдридж Эймс, 10 жыл аралыгында АКШнын мамлекеттик жашырын сырларын МККга сатып турган, 1994-жылы анын советтик шпион ка­тары бети ачылган, анткени АКШнын салык кызматы бир катар жылдары анын сарптаган каражаты кирешенин расмий тастыкгалган булактарынан ашып кеткенин байкашкан. Ал эми өзүнүн криминалдык кирешелерин мыйзамдаштыруу үчүн кир жуучу жайлардын тармагын ачкан белгилүү мафиози Аль Капо­не 1931-жылы АКШнын Федералдык сотунун алдында өзүнүн көптөгөн кылмыштары үчүн эмес, салыктарды төлөбөгөндүгү үчүн жооп берген, ошонун натыйжасында дүйнөнүн бар­дык өлкөлөрүндө «акчаны адалдоо» деген сөз көнүмүш сөзгө айланган. Бул жерде кир жуучу жайлардын дагы жардамы тие алган жок.

Мүмкүн, булар өтө маанилүү эмес мисалдар, бирок алар мыйзамсыз алынган кирешелерге карата салык декларациясынын куралы кантип иштеп жаткандыгын айкын чагылдырып турат. Бизде да бул дароо эле эмес, бирок акыры боло турган нерсе. Өнүккөн өлкөлөрдө салык маданияты алардын жарандары кандайдыр башкача болгондугунан жана төрөлгөндө эле адал ниеттүү болгондуктарынан жөнгө салынган деген түшүнүк пайда болот, бирок, бардык цивилизацияда адам табияты өз негизинде бирдей. Социумдун мүчөсү катары, адамдын көп пайдалуу көндүмдөрү катары, камчы менен пря­ник ыкмасын колдонууну айкалыштыруунун негизинде салык маданияты жөнгө салынат. Салыктарды төлөө - бул ырахат алуу эмес, ал милдет. Бирок милдеттин зарылдыгын түшүнүү милдетти урматтоого өтүп кетет - ал эми бул инсандын, ал аркылуу - коом­дун цивилизациялуулугунун, өз алдынча жетиштүүлүгүнүн, жетилгендигинин белгиси. Бизге бул жолду басып өтүүгө туура келет.

Ошондуктан, эгер биз өтө каалабасак дагы, бизде мамлекеттик машинага жана анын айрым персоналияларына көптөгөн талаптарыбыз жыйылып кеткен болсо дагы, өлкөнүнжарандары катары биздин бардыгыбыз үчүн бул көңүл эргитердик угулбаса дагы, деклара­циялоонун маанилүүлүгүн түшүнүүгө аракет кылганыбыз жана жарандык милдетибизди ак ниеттүүлүк менен аткарганыбыз маанилүү. Бул жалпы үйдү тургузууда коюлган кичинекей кыш, аз да болсо коомду тазалоого жана гүлдөтүүгө кошулган салым.

Биз муну каалайбызбы же каалабайбызбы бизге башка жол жок, бирок биз дүйнөлүк мыкты тажрыйбаларды, анын ичинде салык башкаруучулугун колдонуу жолу менен кетебиз. Биз алдыңкыларды канчалык тез кууп жете турган болсок, биздин бардыгыбыз үчүн жана ар бирибиз үчүн ошончолук жакшы болмок. Бул жолдун узактыгынын маселеси - кыймыл канчалык тез болсо, жол ошончолук кыска болот.