Катардагы жаран үчүн дакларациянын пайдалары жанан артыкчылыктары

Келгиле, киреше булактарын декларациялоонун куралына башка жагынан көз салып көрөлү: аны тапшырууда адал ниеттүү төлөөчүгө кандайдыр артыкчылыктарды алып келеби?

Кирешеге алына турган салык алынган кирешенини бүтүндөй суммасынан кармалбай турганын, өлчөмү мыйзам тарабынан белгиленген сумманы алып салгандан кийинки суммадан кармаларын бардыгы эле билишет же жоромолдошот. Бул эмне болгон сумма? Бул салык алына турган кирешеден кармала турган сумма деп аталат.

Бардык салык төлөөчүлөрукуктуу бол­гон биринчи кармап калуу - бул стандарттык кармап калуу. Жыл ичинде бардык са­лык төлөөчүлөр үчүн салык алынуудан 7 800 сом өлчөмүндөгү сумма бошотулат же айына 650 сом. Эгер декларант жалданып иштей турган жумушчу болсо, ал үчүн бул кар­мап калууну салык агенти - жумуш берүүчү жүргүзөт, ал өзү жумушчунун кирешесине эсептелген салыкты кармап калат жана аны бюджетке төлөйт.

Мындай да болушу мүмкүн, жумуш берүүчү кандайдыр себептер боюнча кар­мап калууну жүргүзбөсө, же аны мыйзамда көрсөтүлгөндөн аз өлчөмдө жүргүзсө, же декларантта жумуш берүүчү жок болсо ушундай болот, мисалы, декларант жазуучу, сүрөтчү, башка чыгармачыл адам же спор­тсмен болуп саналса.Мындай учурларда декларант өзүнүндекларациясында стандарттык кармап калууну көрсөтүүгө укуктуу жана көрсөтүлгөн суммадан кирешеге алына турган салыкты эсептебейт. Ошого жараша салык төлөнбөйт.

Буга окшош эреже декларанттын багуусундагы адамга кармап калууга карата жарамдуу болот: жылына ар бир багууда болгон адамга 1200 сом өлчөмүндө.

Милдеттүү түрдөгү мамлекеттик камсыздандыруу боюнча кармап калуу да ушул эле сыяктуу болот - салык алына турган киреше­ден камсыздандырылган төлөмдүн төлөнгөн суммасы алынып салынат.

Салык төлөөчү өз алдынча жүргүзгөн жана ошону менен бирге өзүнүнжумуш берүүчүсүнө төлөмдөр жөнүндө документти көргөзбөгөн Мамлекеттик эмес пенсиялык (МПФ) фондунун төлөмдөрү менен маселе башкача. Бул учурда жумуш берүүчү кирешеге болгон салыкты эсептегенде киргизилген төлөмдөрдүн суммасын алып салган эмес, жумушчуга төлөгөн бардык сумманын кирешесине алына турган салыкты төлөгөн. БСДны берип жатканда, салык төлөөчү МПФга төлөнгөн сумманы чегерилүүчү ката­ры, ал эми ашык төлөнгөн салык суммасын кийинки төлөмдөрдүн эсебине, башка салыктарды, мисалы, кыймылдуу жана кыймылсыз мүлккө, жер тилкесине болгон салыктарды төлөө эсебине жазып коюуну көрсөтөт. Ошондой эле ашык төлөнгөн салык сумма­сын бюджеттен алса болот. Бул үчүн тастыктоочу документтердин көчүрмөлөрүн тиркөө менен салык органдарына тийиштүү арыз берүү керек. БСДга ашык төлөнгөндүгү анык болгон сумма алардын арыз берген күнүнөн кийин 40 календардык күндүн аралыгындагы мөөнөттө салык төлөөчүнүн эсебине кайтарылып берилет.

Кийинки маанилүү кармап калуу - социалдык болуп саналат. Жыл ичинде өзүнүнбилим алуусуна, ошондой эле өзүнүн балдарынын же камкордук кылуучу адамдарынын, эгер алардын курагы 24 жаштан аша элек болсо, билим алуусуна декларант тарабынан анык кетирилген чыгымдарга салык алына турган суммадан кармап калуу. Жарандардын көпчүлүгү өзүнүкү сыяктуу эле, балдарынын билим алуусуна да бир топ каражат сарптайт. Жана ушул чыгымдарды 10 %га төмөндөтүү - мурун бул суммадан төлөнүүчү кирешеден алына турган салыктын ставкасы ушундай - өтө жаман эмес, мында билим алууга биз канча сумма төлөөрүбүз эске алынат. Негизи эле кандайдыр сумма, ал тургай эң аз болсо дагы үй-бүлөнүнбюджети үчүн ашыкча болбойт. Бирок булүчүн Сиз кармап калууга уруксат берилген киреше расмий түрдө алынышы керек, башкача айтканда андан чындыгында мурун кирешеден алына турган салык теленген. Анткени эгер Сиздин расмий кирешеңизСиз чегерүүнү каалаган суммадан аз болсо, мындай чегерүү кабыл алынышы мүмкүн эмес. Жана булчегерүүнү БСД тапшырып жатканда гана алууга болот, жумуш берүүчү бул чегерүүнү ишке ашырууга укугу жок.

Эми, акырында, суммасы боюнча өтөмаанилүү кармап калуу - булсалык төлөөчү тарабынан жыл ичинде ипотека боюнча кредитин жоюуга төлөгөн мүлктүк кармап калуунун пайыздары. Ага жылына 230 000 сомдон ашпаган чекке чейин уруксат берил­ген. Эми кайрадан ушул жерде мурунку абзацта келтирилген эрежелер иштейт: бул кармап калууну БСД тапшырып жатканда гана жана кирешелердин расмий декларацияланган суммасынын чектеринде гана алууга болот.

Жогоруда көрсөтүлгөн учурлардагыдай эле кирешеден алынган салыктын ашык төлөнгөн суммасы башка салыктардын эсе­бине жазылат же декларантка кайтарылып берилет.

БСДны берүүдө аларга көрсөтүлүүчү айкын артыкчылыктардын катардагы төлөөчүлөрдүн түшүнгөндөрүнө жараша белгиленген эрежелердин системасы алар­дын алган кирешелери конвертте берилбестен расмий түрдө бухгалтериядан өтүшү үчүн салык төлөөчүнү көзөмөл кылып туруу­га ниеттендирет. Ошентип, декларациялоо куралы экономиканын көмүскө жана «маалыматсыз» бөлүгүн акырындык менен мыйзамдаштырууга иштейт.