Салык декларациялоонун жалпы элге тийешелүүлүгү

2016-жыл - салык төлөөчүлөркатары биздин жарандык укуктарыбызга жана милдеттерибизге олуттуу өзгөрүүлөрдү алып келе турган жыл. Булөзгөрүүлөр 2015-жылдын жыйынтыгы боюнча Бирдиктүү салык декларациясын толтуруу жана тапшыруу милдетинен турат.

Эгер мурда Бирдиктүү салык декларациясын (мындан ары - Декларация, БСД) ишкердик менен алектенген, же менчигинде салык алына турган мүлкү болгон жактар гана тапшырууга милдеттүү болушса, анда 2015-жылдын жыйынтыгы боюнча БСДны республиканын дээрлик бардык жарандары тапшырууга тийиш болот.

Адегенде “дээрлик бардыгы” деген сөздөрдүн артында эмне турганын билип алуу маанилүү болот окшойт?

2015-жылдын жыйынтыгы боюнча, б.а. 2016-жылдан тартып, "Кыргыз Республикасынын Салык кодексин ишке киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык, Бирдиктүү салык декларациясын көрсөтүү боюнча Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 92-беренесинин талаптары Кыргыз Республикасынын бардык жарандарына жана ошондой эле өлкөнүнаймагында экономикалык ишмердик менен алектенген чет өлкөлүк резидент эмес жарандарга жайылтылат.

Экономикалык ишмердүүлүккө ишкердик ишмердүүлүгү жана башка экономикалык ишмердүүлүктөрменен аракеттенгендер кирет.

Салык мыйзамы “башка экономикалык ишмердүүлүккө” төмөнкүлөрдү таандык кылат:

  1. ишкердүүлүктү Кыргыз Республикасы­нын эмгек мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашыруу;
  2. банктарга акча каражаттарын салуу;
  3. баалуу кагаздарды, уставдык капиталдагы жеке же юридикалык жактардын үлүшүн сатып алуу, өткөрүп берүү жана сатуу;
  4. уставдык капиталдагы жеке же юриди­калык жактардын үлүшүнө жараша ар кан­дай төлөмдөрдү алуу;
  5. шарттардын аткарылбагандыгы үчүн айыптарды, жазапулдарды алуу, моралдык зыяндын ордун толтуруу;
  6. камсыздандыруу келишимдери боюнча камсыздандыруу суммасын (төлөтүү) алуу;
  7. башка экономикалык ишмердүүлүк иш­кердик болуп эсептелбеген бөлөк ишкердик.

Ишкердик болул эсептелбеген бөлөк экономикалык ишкердикке мисалы, пенсия, стипендия, пособие, алимент, мурас алуу, кредит жана займдар түрүндө киреше алуу, ошондой эле утуп алуу, каалагандай активдерди, анын ичинде акысыз негизде алуу, кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөрдүн са­лык салына турган жана салынбай турган объекттерине, жер тилкелерине ж. б. ээ болуу да кирет.

Келтирилген аныктамалардын негизинде республиканын кандай жараны болбосун, ошондой эле анын резиденти, башкача айтканда өлкөдө акыркы 12 айдын ичинде 183 күндөн ашуун жүргөн чет өлкөлүк адамдар жана аталган экономикалык ишмердиктин түрлөрүнөнжок дегенде бирөөнү жүзөгө ашырган адамдар Декларант болуп саналышары, б.а. Бирдиктүү салык декларациясын толтурууга жана тапшырууга милдеттүү болушары түшүнүктүү болот.

Республиканын салык кызматынын алдын ала баалоолору боюнча Декларанттардын саны 3,0 млн. адамга чейин жетет, булөлкөдөгү эмгекке жарамдуу жарандардын санынан ашат. Демек, бул декларацияны иштебеген пенсионерлер дагы, стипендия алышкан студенттер дагы тапшырууга тий­иш дегенди түшүндүрөт. Андан сырткары, кандайдыр киреше же актив, мисалы, посо­бие, мурас алган балдар үчүн Декларацияны алардын ата-энелери же камкорчулары толтурууга жана көрсөтүүгө тийиш. Албетте, биринчи жылдары өздөрүнүн кирешелерин декларациялашкан жарандардын чыныгы саны өтө көп болот дел жоромолдоо куру кыял бо­луп калышы мүмкүн.